Иран Украинанын Тегерандагы өкүлүнө нааразылык нотасын тапшырды

Украинанын Тегерандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага нааразылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу ISNA агенттиги билдирди.

Буга Израил менен АКШнын Иранга каршы агрессиясына байланыштуу айрым украин аткаминерлеринин билдирүүлөрү себеп болгон. Бирок нааразылык нотасында украин бийлигинин кайсы билдирүүсү негиз болгону так айтылган эмес.

Айта кетсек, 24-июнда Украинанын Тышкы иштер министрлиги Ирандын Катардагы америкалык Аль-Удейд авиабазасына ракеталык сокку уруусун айыптаган билдирүү тараткан.

Белгилей кетсек, Израил 13-июнга караган түнү Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпей Тегеран жооп кайтарган. АКШ жаңжал күчөгөндөн тогуз күндөн кийин, тагыраагы, 22-июнга караган түнү Ирандын үч өзөктүк объектисине чабуул койгон. 23-июнь күнү кечинде Тегеран Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейдге ракеталык сокку урган.

Кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну толук токтотууга макул болгонун жарыялаган. Ок атышпоо келишими 24-июндан тарта күчүнө кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан