Абанын ысышы менен Түркиянын көптөгөн аймактарында токой өрттөрү тутанды. Учурда өлкөнүн 5 районунда токой зоналарынан чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, катуу шамал өрттү өчүрүү иштерин кыйындатууда. Ал эми Анталья, Мардин, Османие, Айдын жана Мерсин шаарларындагы өрттөр өчүрүлдү.
Хатайдын Антакья районунда чыккан өрттүн жалыны шамалдын таасири менен тез жайылып кетти. Өрт тийиштүү органдарга кабарланган соң Токой чарба башкармалыгынын жана өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери ишке киришти. Өрт турак жайларга жакындагандыктан, алдын алуу чаралары көрүлдү.
Буга чейин Измирдин Алиага жана Фоча райондорундагы өрт өчүрүлгөндөн кийин Мендерес менен Сеферихисарда райондорунда өрт чыкты. Жалын турак жайларга чейин жетип, көптөгөн үйлөр менен унаалар зыян тартты. Күч түзүмдөрү өрт менен күрөшүп жатканда калып кеткен жарандарды куткаруу иштери да жүргүзүлдү. Катуу шамал аракеттерди татаалдатты.
Меңдерес жана Сеферихисарда чыккан өрттөр 12 чакырым аралыкты каптап, 1 113 кызматкер, 281 унаа жана техниканын жардамы менен он чакты айыл-кыштактарда күрөш уланууда.
Манисадагы Акхисар районунда токой өртү үчүнчү күнүн улантууда. Шамалдын таасири менен уланып жаткан өрттү өчүрүүгө 3 учак, 5 тик учак, 85 өрт өчүрүүчү унаа, 31 атайын техника жана көптөгөн токой кызматкерлери тартылган.
Бодрум районунун Ортакент аймагында дагы токой өртү чыгып, абадан жана жерден бир нече топ өрттү өчүрүүгө киришти. Өрт учурунда соода борбору эвакуацияланды. Иш-аракеттердин натыйжасында өрт башкарууга алынды.
Адананын Козан районунда биринчи чыккан өрт өчүрүлдү, ал эми экинчи өрттү өчүрүү иштери уланып жатат.
Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу өрттүн ар кандай аймактарда чыгышына байланыштуу билдирүү жасап, өрт менен күрөш уланып жатканын билдирди.
"Тиешелүү министрликтер менен толук координацияда бул процессти көзөмөлдөп жатабыз. 112 тез жардам жана UMKE куткаруучулары талаада иштеп жатышат. Жабыркаган 46 жарандын дарылануу иштери ооруканаларда уланууда, алардын ичинен бирөө оор абалда. Бардык жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн тилейм. Түркиядагы кырсык кесепети тез арада жоюлуусун каалайм" - деди министр.