АКШнын президенти Дональд Трамп Сирияга каршы экономикалык санкцияларын алып салган жарлыкка кол койду. Ак үй бул чечимди “стабилдүүлүк жана тынчтыкка карай кадам” деп билдиргенин чет элдик ЖМКлар кабарлады.
"АКШ туруктуу, бирдиктүү, өзү жана коңшулары менен тынчтыкта болгон Сирияны колдоону чечет. Террордук уюмдарга башпаанек бербеген, диний, этникалык азчылыктардын коопсуздугун камсыз кылган бирдиктүү Сириянын гүлдөп-өнүгүүсүн колдойт",- деп айтылат буйрукта.
Орусияга качкан Сириянын мурдагы президенти Башар Асадга, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана кулатылган режимдин тарапкерлерине каршы санкциялар күчүндө калат.
Ак үй Сириянын жаңы өкмөтүнүн иш-аракеттерине, анын ичинде Израил менен мамилесин нормалдаштыруу боюнча конкреттүү кадамдарга көз салаарын да кошумчалады
Сириянын тышкы иштер министри Асад аш-Шибани санкциялардын алынышы Сирия экономикасынын калыбына келишине болгон тоскоолдуктарды жоюп, өлкөнү эл аралык коомчулукка чыгарат деп эсептейт.