
Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн суусунун көлөмү көбөйүп, 782 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда ӨКМ билдирүү таратты.
Ага ылайык, Алмалуу айлынан 500 адам, Кебек-Бий (Горная-Серафимовка) айылынан 240 адам, Нижняя-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнөн 42 адамды коопсуз жайга эвакуациялашты.
Ал эми Нижняя-Серафимовка айылында жайгашкан карыларды үйүндөгү жарандар тез жардам менен эвакуация жүргүзүлүүдө.
Маалым болгондой, бүгүн 1-июль күнү түнкү саат 03:00 чамаларында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн агып жаткан суусунун көлөмү көбөйө баштап, Алмалуу жана Горная-Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жолду каптап, жол жабылган.
Азыркы учурда абал турукташкандыгына байланыштуу эвакуация болгон жарандар өз үйлөрүнө кайтышууда. Такыр-Төр көлөнүн абалы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө.