Ирактын аэропортунда ракета чабуулу болду

Ирактын Керкук шаарындагы эл аралык Керкук аэропортуна 3 ракета түшүп, 1 адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 23:30 чамасында белгисиз булактан атылган 3 ракета аэропортко түшкөн.

Ракеталардын экөө аэропорттогу аскердик бөлүккө, бирөө жарандык аймакка тийген. Жарандык аймакка түшкөн ракета чөп өскөн талаага түшүп, ал жерде өрт чыккан.

Өрт Керкук эл аралык аэропортунун өрт өчүрүү кызматы тарабынан кыска убакытта өчүрүлгөн.

Окуядан 1 киши жеңил жаракат алды. Учуп-конуу тилкесине же башка объекттерге зыян келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан