Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган акыркы күндөрү өлкө боюнча жайылып жаткан токой өрттөрү боюнча билдирүү жасап, өрттөргө тиешеси бар деп табылган 31 адам кармалганын билдирди. Бул тууралуу ТРТ Хабер басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын ичинен 10 адам камакка алынып, дагы 10у соттук көзөмөл алдында бошотулган. Калгандары боюнча териштирүү жүрүп жатат.
Эрдоган өрттөрдүн дээрлик бардыгы адам факторунан келип чыкканын белгилеп, жарандарды жашыл мекенди коргоого чакырды.
"Жарандардан өтө жогорку этияттыкты суранам. Эң майда кайдыгерлик чоң кыйроого алып келиши мүмкүн",- деди ал.
Ал ошондой эле июль жана август айларында ысык аба ырайына байланыштуу өрт коркунучу дагы да күчөй турганын кошумчалады.