Францияда 1350гө жакын мамлекеттик мектептер бүгүн, 1-июлдан тарта аптаптуу ысык аба ырайына байланыштуу жабылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
"Бүгүндөн тарта 1350гө жакын мектеп жарым-жартылай же толугу менен жабылат. Дүйшөмбү күнү жабыла турган мектептердин саны болжолдонгон ысыктан улам эки эсеге көбөйдү",- деп жазылат басылма тараткан мааалыматта.
Метеорологиялык кызмат тактагандай, дүйшөмбүдө өлкөнүн 16 департаментинде, анын ичинде Париж бассейнинде кооптуулуктун "кызыл" деңгээлин жарыяланган. Бүгүн бул мезгилдин эң ысык күнү болушу күтүлүп, айрым жерлерде абанын температурасы +41 градуска чейин жетери айтылды.
Bloomberg агенттиги 30-июнда Батыш Еаропада жакынкы күндөрү аномалдуу ысык күтүлөрүн кабарлаган. Ага ылайык, аба табынын жогорулашы электр тармактарына жана саламаттык сактоо жаатында коркунуч келтириши ыктымал.