Орусияда чет өлкөлүктөрдүн SIM-карталары массалык түрдө өчүрүлө баштады

Бүгүн, 1-июлдан тарта Орусияда чет өлкөлүк жарандар үчүн уюлдук байланыш боюнча жаңы тартип күчүнө кирет. Бул тууралуу Орусиянын Санариптик өнүгүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, биометриялык каттоодон өтпөгөн чет элдиктердин SIM-карталары уюлдук операторлор тарабынан этабы менен өчүрүлөт.

"2025-жылдын башынан тарта чет өлкөлүк жарандар мобилдик байланыш оператору менен келишим түзүш үчүн Бирдиктүү биометрикалык тутум аркылуу каттоодон өтүшү керек. Мындан тышкары, бир адам өзүнө 10 SIM-картадан көп каттата албайт",- деп жазылат билдирүүдө.

Эгерде чет элдик жарандар буга чейин байланыш кызматын пайдалануу үчүн келишим түзүп, 1-июлга чейин биометрия тапшыра элек болсо, анын SIM-картасы өчүрүлө баштайт.

Өчүрүү бир нече этап менен ишке ашат:

  1. 3 айдан ашык убакыт колдонулбаган SIM-карталар дароо өчүрүлөт.
  2. Активдүү номерлерге төмөнкү чектөөлөр киргизилет:
    • эл аралык жана шаарлар аралык чалууларга тыюу салынат;
    • интернет ылдамдыгы төмөндөтүлөт.
  3. 30 күндөн кийин (эгер биометрия тапшырылбаса):
    • байланыш толук өчүрүлөт.

Бул убакыт ичинде колдонуучу келишимди жаңы эрежелер боюнча кайра каттатса, байланыш калыбына келтирилет.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 2 миллиондон ашык чет өлкөлүк жаран бирдиктүү биометриялык тутумга катталып, SIM-карталарын жаңы эрежелер боюнча каттаткан. Бул чаралар алдамчылыкты жана "көмүскө" SIM-карталарды жоюуга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан