Велосипед тээп бара жаткан... Ак-Ордодо Камаз 8 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бишкектин Ак-Ордо конушунда Камаз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 8 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык милиция бүгүн, 1-июлда билдирди.

Кабарлангандай, окуя 28-июнда саат 20:20 чамасында болгон. Анда 41 жаштагы Камаздын айдоочусу Чубак ажы көчөсүнөн Заирбек баатыр көчөсүнө бурулуп жатканда жөө өтмөктө велосипед тээп бара жаткан өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кыз кырсык болгон жерде жан берген.

Бул факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан катталып, тергөө иштери башталган. Шектүү айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан