Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде дебют жасайт. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс федерациясы билдирди.
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси дебютту 20-июлда Бишкектеги турнирде өткөрөт. Бул күнү "Бишкек Аренада" япониялык SAIKOU LUSH промоушнунун уюштуруусунда профессионалдык бокстун достук кечеси өтөт.
Сейитбек уулунун атаандашы угандалык Коннрад Серуенге болмокчу.