MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан стратегиялык темир жолунун курулушунун негизги тилкелеринде алдыңкы коммуникацияларды камсыз кылуу менен Кыргызстандын келечек жолун ишенимдүү түптөөдө.
Бул эбегейсиз чоң долбоор – узундугу 486 чакырым, анын 300 чакырымдан ашыгы Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн темир жол – Борбор Азиядагы экономикалык өсүштүн жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун кубаттуу катализатору болмокчу. Кашкарды (Кытай) Торугарт ашуусу, андан ары Анжиян (Өзбекстан) менен байланыштырган бул каттам аймактын транспорттук инфратүзүмүн толук өзгөртүп, Кыргызстанды стратегиялык транзиттик түйүн статусуна чыгарат, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатат жана бизнести, туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Бийик тоолуу шарттарда жана аба-ырайынын катаал кубулуштарына карабай, мамлекеттик оператордун адистери 2025-жылдын апрель айынан бери 4G заманбап базалык станцияларын түзүү жана ишке киргизүү боюнча масштабдуу иштерди ийгиликтүү жүргүзүп келишти. Бул байланыш объектилери куруучулардын эмгегин жана чек ара пункттарынын коопсуздугун камсыздоо менен, курулуштун эӊ жооптуу тилкелеринде үзгүлтүксүз жана ишенимдүү байланышты камсыз кылат.
Арпа өрөөнүндө жайгашкан «Музтөр» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында базалык станцияны ишке киргизүү Нарын-Торугарт унаа жолунун олуттуу бөлүгүн камтууга, ошондой эле чек ара заставасында байланышты жөндөөгө мүмкүндүк берди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Орто-Сырт айылына жакын жердеги базалык станциянын ишке кириши, мурда уюлдук байланыш жок алыскы айылда төртүнчү муундагы тармакка жетки алуу мүмкүнчүлүгүн берди, ошондой эле жол кызматтарынын курулуш аянтчасын бириктирди.
Жалал-Абад облусунун Сары-Кыр ашуусунун батыш бөлүгүнүн этегинде базалык станцияны ишке киргизүү Кытай-Өзбекстан темир жолунун пландалган тоннелдеринин биринин курулуш аянтчасын байланыш менен камсыздап, ошондой эле Үрүмбаш капчыгайы аркылуу өткөн унаа жолдун тилкесин камтыды.
Мындан тышкары, Нарын облусунун Ак-Талы районунун Кош-Дөбө айылына жакын, бийик тоолуу аймактагы темир жол тилкесинин куруучулар лагеринде байланыш менен камсыз кылуу үчүн базалык станция ишке берилди. MEGA жогорку технологиялык байланышты түзүүгө кошкон салымы менен өлкөнүн амбицияларын колдойт, аны дүйнөлүк транспорттук жана коммуникациялык тармактардын маанилүү түйүнүнө айландырат.
Компаниянын системалуу ишинин аркасында Кыргызстандын атүгүл эң алыскы булуң-бурчтары да ири масштабдуу инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өтө зарыл болгон ишенимдүү байланышка ээ болду. Курулуп жаткан темир жолдун бүткүл узундугунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу менен, мамлекеттик оператор технологияларды жөн эле жайылтпастан, өлкөнүн келечеги жана анын учурдагы жетишкендиктеринин ортосунда санариптик көпүрөнү курууда. Бул чоӊ жолдо MEGA Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн бирге умтулган адамдарды жана күчтөрдү бириктирүү менен прогресстин ажырагыс бөлүгү болуп калды.
MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!