Түркияда аба ырайы ысып, өлкөнүн көптөгөн аймактарында токой өрттөрү чыкты. Акыркы 5 күндө жалпы 342 өрт катталып, алардын ичинен 6сы дагы эле өчүрүлө элек. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Айыл чарба жана токой министри Ибрахим Юмаклы элге кайрылып, сыртта от жакпоого чакырды.
"Эл ичинде жөнөкөй көрүнгөн от менен бүт өлкөнүн байлыгы өрттөнүп кетип жатат. Сураныч, от жакпагыла, жол жээгине тамеки таштабагыла",- деди ал.
Өрт чыккан негизги аймактар:
1. Хатай (Түркиянын түштүгү) - күчтүү шамалдын айынан өрт Караали аймагынан үч башка айылга жеткен. 3 айыл коопсуздук үчүн эвакуацияланган. Өрттү түнү бою өчүрүштү, таң атканда тик учактар кошулду.
2. Измирде 2 район - өрттөр калктуу аймактарга чейин жетти. Көптөгөн үй жана унаа зыян тартты. 10 айылда 1 113 куткаруучу, 281 техника менен иштеп жатат.
3. Маниса - өрт 28-июнда башталган, 4 күндөн бери уланып жатат. 713 куткаруучу, түн ичинде да тик учактар менен иштөөдө. 18ге жакын айыл жана кыштак эвакуацияланды.
4. Ахметли - өрт калктуу аймактарга жеткен. 5 учак, 7 тик учак, 35 өрт өчүрүүчү машина, 185 адам тартылган. 3 айыл убактылуу көчүрүлдү.
5. Кула - кечинде чыккан өрт үчүн 240 адам жана 7 тик учак иштеп жатат. Аймактагы айрым айылдар эвакуацияланган.