Салык жана Бажы кызматтары Каржы министрлигинин курамынан чыгарылат

Салык кызматы Каржы министрлигинин курамынан чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Эми салык кызматы өз алдынча органга айланат. Бажы кызматы да Каржы министрлигинин карамагынан чыгарылат. Ошол эле учурда бөлүмдөрдүн штаттык саны жана ыйгарым укуктары өзгөрбөйт.

Касымалиев башкаруунун жаңы түзүмү - натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат жана мамлекеттик органдарды бюрократизмден арылтуу боюнча реформанын бир бөлүгү болуп калат деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан