Казакстанда 10 жаштагы баланы үч ит тиштеп, оор жаракат алды

Алматыга жакын жердеги Жалпаксай айылында 10 жаштагы баланы үч ит - эки овчарка жана бир питбуль тиштеп, оор жаракат алышына себеп болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 30-июнда айылдагы футбол талаасында болгон. Балдар футбол ойноп жатканда реабилитациялык борбордон чыккан үч ит талаага кирип кеткен. Көпчүлүк балдар качып кетүүгө үлгүрүшкөн, бирок Максим аттуу бала качып кете албай калган. Иттер ага кол салып, баланын кулагын жулуп кетишкен, буту жана башынан катуу жаракат алган.

Айыл тургундарынын айтымында, иттерди арачалап калууга чоңдор аракет кылышкан. Бир итти өлтүрүүгө туура келген. Бирок иттердин кожоюндары жоопкерчилик алуудан баш тартышкан.

Полиция "Баланын ден соолугуна шалакылык менен оор зыян келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда күбөлөр сурак берип жатышат. Экспертизалар дайындалды, реабилитациялык борбордун жооптуу адамдарынан да жооп алынып, тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

Бала 30-июнда Карасай райондук ооруканасына жеткирилген. Алгач реанимацияга жаткырылган, кийин травматология бөлүмүнө которулган. Абалы орточо оор, дарыгерлер протокол боюнча дарылоону улантып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан