Кытайда роботтор арасында дүйнөдөгү алгачкы футбол чемпиондугу өттү (видео)

Кытайдын борбору Пекинде дүйнөдө биринчи жолу роботтор арасында футбол чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул тарыхый турнир RoBoLeague деп аталып, оюн толугу менен жасалма интеллекттин башкаруусунда өттү.

Маалым болгондой, оюнга 4 команда катышып, ар биринде 3 роботтон болгон. Оюн атайын кичирейтилген футбол талаасында өткөн. Ар бир робот көп спектрдүү камералар менен жабдылган (секундуна 120 кадр), YOLOv7 нейросети менен үйрөтүлгөн (50 миң сааттык оюн тажрыйбасы) жана гироскоп жана акселерометрлер менен тең салмакты сактаган.

Оюндун жыйынтыгында, роботтордун топтун ордун 20 метр алыстыктан 90 пайыз тактык менен аныктай алышканы байкалган. Ошондой эле батареясы 90 мүнөткө жетип, толук оюнду өткөрүүгө мүмкүндүк берген.

Кытайда роботтор арасында дүйнөдөгү алгачкы футбол чемпионаты өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан