Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы бүгүн, 2-июлда кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, Азамат Арнабек уулу аталган кызматка 2022-жылы октябрь айында дайындалган.