Кечээ, 1-июлда Азербайжандын борбору Бакуда сегиз орусиялык жаран кармалып, соттун чечими менен төрт айга камакка алынды. Бул тууралуу APA агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Азербайжан бийлиги аларды "уюмдашкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү" деп атап, алар төмөнкү иштерге шектелип жатат:
Буга чейин Азербайжан "Sputnik Азербайжан" маалымат агенттигинин эки кызматкерин төрт айга камакка алган. Алар мыйзамсыз ишкердик кылган жана алдамчылыкка барган деп айыпталууда. Дагы беш адамга кылмыш иши козголгон. Айрым ЖМКлар буларды ФСБнын агенттери деп аташса, "Sputnik Азербайжан" мындай дооматтарды "негизсиз" деп четке какты.