Калифорниянын түндүгүндө күчтүү жарылуу болду (видео)

Калифорниянын Йоло округундагы фейерверк кампасында ири жарылуу болду. Ал жерден өрт чыгып, аймакка жакын жашагандар эвакуацияланып жаткандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

"Эспарто жана Мэдисон аймактарында олуттуу жарылуу болду... Фейерверк сакталган кампа жарылып, активдүү күйүп жатат. Өрт өчүрүүчүлөр жана алгачкы жардам көрсөтүүчүлөр өз жумуштарын коопсуз аткарышы үчүн аймактагы жарандар эвакуациялнууда",- деп кабарлашты ЖМКлар.

Кошумчалангандай, жарылуунун себептери жана жабыркагандар боюнча азырынча маалыматтар тактала элек.

02.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан