Бишкекте ушул жылдын 27-июнунан бери 38 жаштагы Руфина Алымкулова дайынсыз болуп, изделип жатат.
Ленин райондук милициясы билдиргендей, ал 27-июнда саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кара, узун.
Апасынын айтымында, ал психикалык жактан жабаркайт.
Кийген кийимдери: күлгүн кызыл футболка, боз шым, ак кроссовка.
Жогорудагы жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышса болот: (0312) 35-29-47, 0703 69 90 55, 0702 80 80 23.