Токмокто жаңы жугуштуу оорулар бөлүмү курулат

Токмокто Жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эски имаратынын ордуна заманбап медициналык объект куруу пландалууда. Бул тууралуу Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмаз Аскаров билдирди.
Анын айтымында, учурдагы имарат техникалык жактан канааттандырарлык абалда эмес жана заманбап талаптарга жооп бербейт. Ушуга байланыштуу бейтаптарды дарылоо жана медициналык кызматкерлердин иштөөсү үчүн талаптагыдай шарттарды камсыз кылган жаңы жугуштуу оорулар бөлүмүн куруу чечими кабыл алынган.
Долбоор Катар кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырылат. Токмок шаарынын мэриясы бул максатта 1 миллион 300 миң сом бөлөт. Ал эми негизги чыгым - 5 миллион сом Катар фондунун эсебинен жабылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан