Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы тигүү, курулуш жана башка өндүрүш калдыктарын таштанды контейнерлерине ыргытууга болбой турганын эскертти.
Маалымдалгандай, ага карата административдик жоопкерчилик, тагыраагы Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин айып пул каралган.
"Шаар тургундарынын тигүү калдыктарын чыгарган эки учуру катталды. Таштоо учурунда инспекторлор тарабынан токтотулуп, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү",- деп билдирди мэрия.
Мындан сырткары, аталган калдык түрлөрүн өрттөөгө тыюу салынат.