Клубдар арасындагы чемпиондук: Чейрек финалга чыккан командалар аныкталды

Бүгүн, 2-июнда футбол боюнча клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалы аяктап, чейрек финалга чыккан командалар аныкталды. Бул тууралуу ФИФА кабарлады.

Акыркы 2 команда - Испаниянын "Реал Мадриди" менен Германиянын "Боруссиясы". Алар 1/8 финалда "Ювентус" менен "Монтеррей" командаларын жеңишти.

Чейрек финалдагы жуптар жана оюндун даталары:

  • "Палмейрас" (Бразилия) - "Челси" (Англия) - 5-июль
  • "Флуминенсе" (Бразилия) - "Аль-Хиляль" (Сауд Арабиясы) - 5-июль
  • ПСЖ (Франция) - "Бавария" (Германия) - 5-июль
  • "Реал Мадрид" (Испания) - "Боруссия" (Германия) - 6-июль

Бул оюндарда жеңген команда жарым финалга чыгат.

Маалымат үчүн: Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу - бул ФИФА уюштурган жыл сайын өтүүчү турнир. Анда ар бир континенттин мыкты клубдары жана турнирди өткөрүп жаткан өлкөнүн өкүлү катышат. Бул турнирде дүйнөнүн мыкты клубу аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан