Израилдин соккусунан акыркы суткада Газа 100гө жакын жаранынан айрылды

Израилдин соккусунан бир сутканын ичинде Газада 100дөн ашуун киши набыт болду. Бул тууралуу маалыматтарды чет элдик ЖМКлар билдиришүүдө.

Маалымдалгандай, Израилдин чабуулунан 109 палестиналык каза болду. Алардын 20га жакыны анклавдагы гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү жайда жан берди. Мындан тышкары, Газанын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү үйлөрдүн бүтүндөй топтору талкаланды.

Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин аскердик операциялары башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери 56,6 миңден ашуун адам окко учуп, 134 миңден ашууну ар кандай жаракат алды. Мындан тышкары, гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү пункттарга жасалган кол салууларда 600дөн ашуун киши каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан