+39 градус ысыйт. 3-июлга карата аба ырайы 

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 3-июлда Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +20... +22, күндүз +36... +38 градус ысыйт.

Аймактарда абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18.. +23, күндүз +33 ... +38;

Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +32... +37;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19... +24, күндүз +34... +39;

Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10... +15, күндүз +20 ... +25;

Нарындын айрым аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн +6... +11, күндүз +25... +30 градус болот.

Кечээ, 1-июлда өлкөдө 3-5-июль күндөрү абанын температурасы акырындык менен жогорулашы күтүлүп жатканы кабарланган. Мындай аба ырайында ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан