АКШнын Жоржия штатында жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп эмгектенген Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылды. Маалыматты бүгүн, 2-июлда Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кырсык 25-июнда болгон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу бир бутунан ажырады.
Учурда ал Жоржия штатынын Огаста шаарындагы жергиликтүү ооруканада дарыланып, этап-этабы менен хирургиялык операцияларды өткөрүп жатат.
Жабыркаган жарандын жакындарынын маалыматына ылайык, ага жакын арада дагы бир нече операция жасалышы күтүлүүдө. Колдоо көрсөтүү максатында АКШдагы кыргыз диаспорасы дарылануу жана операциялар менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн каражат топтоо иштерин уюштурду.
Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Аскар Алыбаевдин жакындары менен тыгыз байланышта болуп, бул маселени көзөмөлүнө алды.