Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аталган өлкөнүн Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) менен кызматташтыгын убактылуу токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү Tasnim агенттиги жазып чыкты.
Маалым болгондой, мыйзам президент тарабынан кол коюлгандан тартып күчүнө кирет. Мыйзамда Иран өкмөтүнө МАГАТЭ менен кызматташтыкты токтотуу милдети жүктөлүп, агенттиктин инспекторлору өлкөгө кирүүгө уруксат алуу үчүн Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин макулдугун алышы керек деп белгиленген. Бул кадамдын негизги себеби катары Ирандын ядролук объекттерине коопсуздуктун камсыздалбаганы жана МАГАТЭнин саясий көз карашы айтылган.