17-23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча олимпиадалык курамалар арасында (U-23) "Төрт улуттун эл аралык футбол мелдеши" өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Бул турнирге Кыргызстандын олимпиадалык (U-23) курама командасы жана Оман, Бахрейн, Сирия мамлекеттеринин курамалары катышат.
Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана "Алга" футболдук клубунун стадионунда өтөт. Бардык оюндарга кирүу акысыз.
Мелдештин жүгүртмөсү:
17-июль
19:00 – 🇴🇲 Оман vs 🇧🇭 Бахрейн ("Алга" ФК стадиону)
21:00 – 🇰🇬 Кыргызстан vs 🇸🇾 Сирия (Д. Өмүрзаков стадиону)
20-июль
19:00 – 🇸🇾 Сирия vs 🇧🇭 Бахрейн ("Алга" ФК стадиону)
21:00 – 🇰🇬 Кыргызстан vs 🇴🇲 Оман (Д. Өмүрзаков стадиону)
23-июль
19:00 – 🇴🇲 Оман vs 🇸🇾 Сирия ("Алга" ФК стадиону)
21:00 – 🇰🇬 Кыргызстан vs 🇧🇭 Бахрейн (Д. Өмүрзаков стадиону)
Белгилей кетсек, мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, “E” тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.