Азербайжан Ханкендиде Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитин өткөрөт

4-июлда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин төрагалыгы алдында Ханкенди шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммити өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Иран, Пакистан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кипр Түрк Республикасы катышат.

Саммитте соода, экономика, инвестиция, транспорт жана климат маселелери талкууланат. Бул саммиттин Ханкендиде өтүшү символикалык мааниге ээ, себеби бул шаар мурдагы режимдин борбору катары белгилүү болгон.

Маалымат үчүн: Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы Түркия, Иран жана Пакистан тарабынан негизделген. 1992-жылы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Ооганстан кошулган. 10 өлкө мүчө, Кипр байкоочу статусунда.

Уюм экономикалык кызматташтыкты, регионалдык сооданы жана туруктуу өнүгүүнү максат кылат. Катчылыгы Тегеранда, экономикалык бюросу Түркияда, илимий борбору Пакистанда жайгашкан.

Саммит эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Акыркысы 2023-жылы Өзбекстанда өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан