Кытайлык хирургдар спутник жана роботтук технологиянын жардамы менен 5 миң чакырым алыстан операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, профессор Ронг Лю жетектеген команда Лхаса шаарынан Пекиндеги эки бейтапты операция кылып, боор рагы жана гемангиома оорусуна каршы хирургиялык кийлигишүү жасаган.
5G технологияларында аралык чектөөсү бар болчу. Бул ирет "Apstar-6D" спутниги колдонулуп, маалымат берүүдөгү кечигүүлөр азайтылган.
Операция болжол менен 124 мүнөт созулган жана дарыгерлер жогорку тактыкта иш алып барышкан. Бейтаптар операциядан кийин 24 саат ичинде ооруканада коопсуз абалда чыгып кетишкени маалымдалды.