Британия менен Германия коргонуу келишимине кол коюуга даярданып жатышат

Жакынкы аралыкта Германия менен Улуу Британия эки тараптуу кеңири келишимге кол коюшат. Анда аскерий кызматташтык жана өз ара коргонуу боюнча жобо камтылган. Бул тууралуу Берлин менен Лондондун өкмөттүк чөйрөлөрүндөгү булактарына таянып Politico басылмасы жазып чыкты.

Басылма келишим боюнча Лондон менен Берлин тараптардын бирине стратегиялык коркунуч келип чыккан учурда экинчиси ал өлкөгө жардам көрсөтүүгө милдеттенме аларын белгилейт.

Документте аскердик өңүттөн тышкары мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшүү, илимий изилдөөлөр жана инновациялар боюнча жоболор камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан