Трамп орусиялык бир катар банк, компанияларга карата санкцияларды алды

АКШнын президенти Дональд Трамп орусиялык бир нече компанияларга жана банктарга каршы санкцияларды алып салганын АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Трамп 1-июлда Сирияга каршы санкцияларды жоюу боюнча жарлыкка кол койгонда орусиялык бир катар компания, банктар жана айрым адамдар да кара тизмеден чыгарылган.

Тагыраагы, чектөөлөр мындан ары Калмакиянын мурдагы башчысы жана Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) мурдагы президенти Кирсан Илюмжиновго, ошондой эле "Темпбанк", "Мир Бизнес", "РФК-Банк" бантары, "Промсырьёмпорт", "Глобальные концепции групп", Global Vision Group, "СТГ Логистик", "Маритайм Ассистанс", "Рособоронэкспорт" жана башка компанияларга тиешелүү болбой калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан