Садыр Жапаров Путинди ноябрда Кыргызстанда күтөрүн айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ноябрда боло турган ЖККУнун саммитинде орусиялык кесиптеши Владимир Путинди күтөрүн билдирди. Бул тууралуу INTERFAX басылмасы Жапаров Кремлде Путин менен сүйлөшүүлөрдүн башталышында айтканын жазып чыкты.

"Биз сизди 2025-жылдын ноябрында ЖККУнун сессиясында Кыргызстанда күтөбүз", - деди ал

Айта кетсек, учурда өлкө башчы Москва шаарында мамлекеттик иш сапары менен жүрөт. Президенттик администрация мамлекет башчылары тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөнүн маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан