Украинанын Житомир шаарындагы май куюучу жайда эки күчтүү жарылуу болгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Жарылуу кечээ, 2-июлда түштөн кийин болгон. Кырсыктан 2 адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Шаар полициясы окуя болгон жерде бардык тиешелүү кызматтар иштеп жатышканын, учурда окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирген.
Интернет желесинде жарылууга күбө болгондордун тартып алган видеолору жарыяланууда.