Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин шылуундардын торуна түшүп калбоого чакырды.
Маалым болгондой, билим берүү департаментинин директорунун орун басары Медина Ботоканованын тапшырмасы менен борбордогу мектептердин директорлорунан акча талап кылынган алдамчылык фактысы катталды.
"Мындай шектүү иш-аракеттерге туш болсоңуз, дароо укук коргоо органдарына, Бишкек шаарынын мэриясына: 0312 979 195 (кошумча 0125, 0126, 0121) телефондору же Билим берүү департаментине: 0312 613 972, 0700 344370 телефондор аркылуу кабарлаңыз",- дешти мэриядан.