АКШдагы соода борбордо атышуу болуп, кеминде алты адам жаракат алды

АКШнын Жоржия штатынын Саванна шаарындагы соода борборунда атышуу болуп, кеминде алты адам жаракат алды. Алардын биринин абалы оор экенин чет элдик басылмалар ушул тапта жазышууда.

Анда айтылгандай, атышуу белгисиз эки топтун ортосунда болжол менен 2-июлда саат 17:45те болгон.

"Саванна полициясынын кызматкери Ленни Гюнтердин айтымында, Oglethorpe соода борборундагы атышуудан үч киши, эки жаш жигит жана бир өспүрүм жаракат алды. Атышуу алгач имараттын ичинде башталып, андан соң көчөдө уланган",- деп жазылат маалыматта.

"Тез жардам" кызматы билдиргендей, окуя болгон жерде жалпы алты киши ар кандай жаракат алган. Алардын баары эле ок тийген эмес. Жабыркагандардын биринин абалы оор деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан