Индонезиянын Бали аралында паром чөгүп, кеминде 43 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Паром Чыгыш Явадагы Кетапанг портунан чыккандан дээрлик жарым сааттан кийин чөгүп кеткен. Ал 50 чакырым алыстыктагы Балидеги Гилиманук портуна бараткан.
Жалпы 53 жүргүнчү, 12 экипаж мүчөсү жана 22 унаа, анын ичинде 14 жүк ташуучу унаа болгон. Басылмалар эки адамдын сөөгү табылып, 20 адам куткарылганын, алардын көбү суу толкунунда калып, эсин жоготкон абалда болгонун билдирди.
Дайынсыз жоголгон адамдар изделүүдө.