Эдил Байсалов Актан Арым Кубатты эл аралык сыйлыгы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилүү кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Актан Арым Кубатты анын "Кара Кызыл Сары" жаңы тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалында жеңишке жетиши менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда президенттин администрациясынан билдиришти.

Эдил Байсалов Актан Арым Кубатты эл аралык сыйлыгы менен куттуктап, анын кино индустриясынын өнүгүшүнө жана Кыргызстандын маданий имиджин эл аралык деңгээлде жайылтууга кошкон салымын жогору баалады. Ал бул жеңиш бүт өлкө үчүн маанилүү окуя экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, "Кара Кызыл Сары" тасмасы "Кыргызфильм" киностудиясында жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармасынын негизинде тартылган жана 27-Шанхай эл аралык кинофестивалынын "Эң мыкты толук метраждуу тасма" (Golden Goblet Award) наамын жеңип алган. Фильм Баткен облусундагы килем токуучунун тагдыры жөнүндө поэтикалуу жана терең баяндоону камтып, сүйүү, жоопкерчилик, миграция жана чек ара аймактарындагы жашоо сыяктуу маанилүү темаларды көтөрөт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Эдил Байсалов менен Актан Арым Кубат өлкөдөгү кинематографиянын өнүгүшү боюнча пикир алмашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан