Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нуржигит Кадырбеков социалдык желедеги баракчасына эненин баркы тууралуу тасирдүү видео калтырып, аларды өз учурунда сыйлап калууга чакырды.
Кадырбеков бул билдирүүсүн айылдаш эненин жаназасы менен байланыштырды.
"Өзүм тааныбаган апанын жаназасына мусулмандык парзымды аткарып барып катыштым. Этек-жеңи жайылган апа экен. Ошол жерде молдодон апа сенден кадыр-баркын да аябайт деген сөздү биринчи жолу уктум. Анткени эне сен жактырган кыздын ата-энесине тизе бүгүп барууга даяр экен. Жаназасы окулуп жаткан эненин кыздарынын чыркырап ыйлаганын көрүп, көзүмө жаш айланды. Эмне үчүн катуу ыйлады? Анткени апасын акыркы ирет көрүп жатат. Качан келбе жадырап-жайнап, дасторконун жайната тосуп ала турган адам жок эми. Башкалар сага шарт коюп мамиле кылса, эми шартсыз эле сүйгөн апа жок. Анын жытын эми жыттай албайсың. Алар ошону жоктоп ыйлап жатат. Апанын табытын көтөрүп чыкканда үй ичинде канча адам турса да, ал жак бош калгандай туюлду. Билем апалар деле пенде катары кемчилиги бар, кээде кереги жок темаларды сүйлөп, убактыңды алат. Бирок эне менен өткөргөн, аны карап отурган да өзүнчө бир сооптуу иш. Кийин аны таппайсың. Апага жакшы мамиле жасайлы. Анткени ар бир жандын башында жаназа бар",- деди ал.