Бүгүн, 3-июлда Орусиянын Иркутск аймагындагы ооруканада бейтап дарыгерлерге бычак жана газ баллону менен кол салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, кол салуунун кесепетинен башкы дарыгердин орун басары жана мекеменин катчысы жабыркады. Медициналык кызматкерлер оор абалда ооруканага жаткырылды.
Милиция кызматкерлери кол салган адамды кармашты. Тергөө комитети бир нече адамга өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бейтаптын агрессивдүү мамилесинин себептери такталууда.
Окуя болгон жерде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү бар. Мекеме жабыркаган кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтөт.
"Жооптуу адам мыйзамдын бардык катаалдыгы менен жазаланат деп ишенем. Жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн, жакындарына чыдамдуулук каалайм",- деп айтты аймактын башчысы өзүнүн телеграм каналында.