Голливуддагы белгилүү фотомодель жана актриса Памела Андерсон өзүнүн мурунку жолдошу Рик Саломон менен табышты. Бул тууралуу кечээ, 13-январда орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалым болгондой, мурунку үй-бүлө чогуу эл көзүнө чанда гана чалдыкчу. Жакында Андерсондун аты жогунда нике шакеги пайда болгонунан улам, журналисттер анын чын-төгүнүнө жетмек болуп, суроо узатышкан. “Кайрадан үйлөндүңүздөрбү?” деген суроого ал “ооба” деген жообун берген.
Эске салсак, Памела Андерсон менен продюсер Рик Саломон 2007-жылы бүлө курушкан. Бирок 2 гана ай чогуу жашап, анан расмий түрдө ажырашышкан.
Көпчүлүккө белгилүү болгондой, фотомоделдин карьерасы 80-жылдардын соңунда башталган. 1989-жылы ал айтылуу "Playboy" журналына жарым жылаңач сүрөткө түшкөн соң гана атактуулук ага эшигин ачкан. Памела азыр 47 жашта.