Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 1-июлдан 10-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде 350 мектеп окуучусу үчүн жайкы эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда аталган мекемеден билдиришти.
8 жаштан 15 жашка чейинки балдар Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын Балалык" балдардын ден соолук комплексинде он күн эс алышат.
Буга чейин билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн. Балдардын тизмеси аталган комиссия арыздарды карап, жалпы билим берүү уюмдарынын жетим, жарым жетим, ата-энеси майып жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жолдомолорду бөлүштүргөн.
"Окуучулардын жайкы эс алуусу бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт",- деп айтылат маалыматта.