
Бишкек шаарынын мэри
Айбек Жунушалиев Гоголь, Ибраимов, Бөкөнбаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу калаа бийлиги маалымдады.
Ага ылайык, анда курулуп жаткан тротуарлардагы жана аялдамалардагы кемчиликтерди жоюу боюнча сын-пикирлер айтылды. Ага удаа пандуска өзгөчө көңүл буруу милдети коюлду.
Муниципалдык инспекцияга жана "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесине объекттердин сырткы көрүнүшүн талапка ылайык келтирүү боюнча чарба субъекттеринин ээлери менен биргеликте иш алып баруу милдеттендирилди.
Ошондой эле жарандардын эс алуу жайларын көбүрөөк уюштуруу тапшырылды.