Министрлер кабинети 1957-жылдын 30-сентябрында Женевада түзүлгөн Коркунучтуу жүктөрдү эл аралык жол менен ташуу жөнүндөгү макулдашууга (КЖЭЖТ) Кыргызстандын кошулуусу тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда президенттин администрациясынан билдиришти.
Макулдашуунун максаты кооптуу жүктөрдү атайын автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен автомобиль транспорту менен ташуу боюнча бирдиктүү эрежелерди жана талаптарды белгилөө жана кабыл алуу болуп саналат.
"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүлгөн макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталды",- деп айтылат маалыматта.