
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп
Бактыяр Бокоев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аны эмгек жамаатка агенттиктин директору Айбек Абдымомунов тааныштырды.
Абдымомунов жаңы дайындалган директордун алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгилеп, 2026-жылы өтүүчү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.
Эске сала кетсек, Бокоев буга чейин Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп иштеп келген.