Азербайжандын ЖОЖдоруна документтерди тапшыруу мөөнөтү узартылды

Азербайжандын элчилиги 2025-2026-окуу жылына 5 Кыргыз жаранын кабыл алып, окутууга даяр. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, атайын тандалган талапкерлерге Азербайжандын алдынкы жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана негизги медициналык билим берүү программалары боюнча билим алат.
Ал эми документтерди тапшыруу мөөнөтү ушул жылдын 11-июлуна чейин узартылды.
"Ушуга байланыштуу Азербайжандын университеттерине тапшырууну каалаган Кыргыз жарандары ушул жылдын 10-июлуна чейин тиешелүү документтерди тапшырган шартта онлайн-порталга кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Агартуу министрлигине кайрыла алышат",- деп жазылат маалыматта.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номерлери: (0312) 66 21 98, 0708 888 063.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан