Эске салсак, блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында курбусу менен бирге сабалганын билдирген. Жакыпова бул окуя боюнча социалдык тармактарда билдирүү таратып, окуяга бийчи Жан Воинов, анын жубайы Зарина Алмасова жана Заринанын иниси катышканын айткан. Анын айтуусунда, кол салууга башка бир нече эркек киши да катышкан.
Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 206-беренеси (Тоноо) менен иш козголгон.
Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери 1994-жылы туулган А.Р. аттуу шектүүнү кармашкан. Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынган.