Чүй облусунун Москва районунда 2 томолой жетим балдар жер тилкелери менен камсыз болушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, мындай аракет томолой жетим балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө 2 томолой жетим бала жер тилкелери менен камсыз болбогондугу аныкталган.
"Көрүлгөн прокурордук чара көрүү актыларынын натыйжасында 2 балага укук таануучу документтери тапшырылып, жер тилкелерге ээ болушту".-деп айтылат маалыматта.