Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы айыл өкмөт башчысы К.Досоновдун (Женго) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 5-июлда кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү УКТ менен көптөн бери кызматташкандыгы тууралуу далилдүү фактылар алынган.
"2008-2021-жылдар аралыгында Ш.Г. коррупциялык иштерди жүргүзүүгө макулдук алып, кылмыштуу топко системалуу түрдө каржылык колдоо көрсөтүп турган.
Ошондой эле мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү, жасалма түзүмдөрдү түзүү жана өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды чыгарып кетүү боюнча маалыматтар такталган", - деп билдирди атайын кызмат.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.