Түптө наркы 3 миллион сомдон ашык жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 9 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, райондогу Ысык-Көл айыл өкмөтүндө жайгашкан жер аянты жеке жактардын менчигине мыйзам талаптарын бузуу менен өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 3 миллион 288 миң сомду түзгөн жер мамлекеттик менчикке алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан