АКШнын президенти Дональд Трамп айрым эмгек мигранттарынын өлкөдө калышына уруксат берүүгө даяр экенин билдирди.
Reuters агенттиги ал Айова штатында сүйлөгөн сөзүндө айыл чарба тармагында иштеген мигранттар АКШда ишин уланта аларын айтканын жазды. Бирок президент бир шарт койгон. Ал үчүн мигранттарды иштеткен фермерлер аларга кепилдик бериши керек.
Трамп ошондой эле мейманкана индустриясында да ушундай шарт болорун кошумчалаган.
Буга чейин Трамп АКШнын ири шаарларында мыйзамсыз мигранттарды кармап, депортациялоо боюнча тиешелүү органдарга чараларды көрүүнү тапшырган.